Редакцияот 25.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 25-апрели № 199

"Мейдж.Ик" жоопкерчилиги чектелген коомунун мамлекеттик үлүшүнүн 100 пайызын Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

Мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 30/30-4 токтомун көңүлгө алып, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Мейдж.Ик" жоопкерчилиги чектелген коомунун мамлекеттик үлүшүнүн 100 пайызын Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына "Мейдж.Ик" жоопкерчилиги чектелген коомунун мамлекеттин үлүшүнүн 100 пайызын муниципалдык менчикке кабыл алуу сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

              Төрагасы

 

А.У. Жапаров