Редакцияот 27.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХI-сессиясы

 

2024-жылдын 27-марты №31/1

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2024-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2025-2026- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

        Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл    аймагынын

айылдык кеңешинин депутаттары,  Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2024-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

                                  

  1. Кум-Дөбө айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер тармагынын  аткарылышы31 310,3 мин сомго, чыгашалар тармагы 24 868,5 мин сом өлчөмүндө аткарылганы  бекитилсин.
  1. 2024-жылга Кум-Дөбө  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 47 967,2 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 21 759,3 мин сом, теңдештирүү грант 26 207,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2024-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

Подох. салыгы-                                   14 278,5 миң сом

Патент салыгы-                                     348,5 миң сом

Кыймылсыз мүлккө салык-                     62,4 миң сом

Транспорт салык-                                 1335,0.0 миң сом

Огород салык-                                       584,0 миң сом

Айыл чарба эмес багыттагы салык-     229,9 миң

Роялти-                                                   851,5 миң сом

Лицензия-                                               200,0 мин сом

Жайыт акысы-                                       699,3 миң сом

ФПС аренда акысы-                              452,7 мин сом

Тазалык жыйым  -                                 17,5 мин сом

Атайын каражат-                                 2420,0 миң сом

Отчисление на развитие                       280,0 мин сом 

          Баары:                                                    21 759,3 миң сом.

          - теңдештирүүчү грант-                         26 207,9мин сом.

          Жалпысы                                               47 967,2 мин сом.

          Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга чыгымдар бөлүгү:

           - башкаруу аппаратына-                       33 585,6 мин сом.

           - агартуу тармагына-                           7 604,0 мин сом

           - маданият тармагына-                          6 078,3  мин сом.

           -жайыт-                                                  699,3  мин сом.

           Баары:                                                  47 967,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.  

  1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 52 806,7 мин сом жана чыгымдар бөлүгү 52 806,7 миң сом суммасында, ошондой эле 2026-жылга киреше бөлүгү 55 447,0 миң сом жана чыгымдар бөлүгү  55 447,0 миң сом суммасында бекитилсин.
  1. 2024-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор Ж.Раманова, А.Касмалиеваларга тапшырылсын.
  1. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго жана финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.

Төрага

М. Чолпонкулов