КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХI-сессиясы
2024-жылдын 27-марты №31/5
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малынын 2024-жылга жазында алыскы ,жакынкы жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү убактысын белгилөө жана баккан мал үчүн бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, муниципалдык ишкананын жайыт боюнча адиси Б.Абдрасаковдун отчетун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга иш планын бекитсин, жана чабандар менен келишим түзсүн.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга, ортоңку жайыттарга уй, топоз,жылкы,кой жандыктарын айдап көчүрүү 15-апрелден 20-апрелге чейин көчүү- конуу иштери аяктасын.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга,алыскы жайыттарга уй, топоз,жылкы,кой жандыктарын айдап көчүрүү 5-июндан 10-июнга чейин көчүү- конуу иштери аяктасын.
4. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулары 2024-жылга, кайра алыскы жайыттардан, ортонку жайыттарга көчүп келүү 5-сентябрга көчүп келинсин.
5. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга, ортонку жайттардан ички жайыттарга көчүп келүү 10-октябрда аяктасын.
6. Жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акынын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмеси учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирилбесин,ал эми калган бөлүгү 1-ноябрынан кечиктирилбесин.
7. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга,жайыт акысы бодо жандыктарына 100сом, кой,эчкиге20сом, топозго1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга,мал баккан акысы бодо жылкы, уй баккандыгы үчүн 550 сом өлчөмүндө,майда жандык кой,эчкиге 70 сом өлчөмүндө алынсын.
9. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга, жайыт пайдалануучулардын бир отардагы кой , эчкинин саны 800 баштан ашпасын.
10. Муз-Төр жайлоосунан Капка-Таш ички жайытына чейинки корук иштери 2024-жылдын 10-июнунан башталсын.
11. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга, жайыт пайдалануучулардын Шамшы айылындагы топоздор алыскы жайыт “Утөр” жайлоосуна көчүрүлсүн.
12. Жогорудагы белгиленген пункуттар аткарылбаган учурда, жайыт мыйзамынын жана укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып пул салынары эскертилсин.
Төрага | М. Чолпонкулов |