Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХII-сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели №32/1

 

Бириктирилген Кум-Дөбө айыл аймагынын

чек арасын аныктоо жөнүндө

          Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кум-Дөбө айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Кум-Дөбө айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы жана Кара-Тоо айылдарын кошуп, Кум-Дөбө айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кум-Дөбө айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.

2.     Бириктирилген Кум-Дөбө айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

3.     Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.

Төрага

М. Чолпонкулов