Редакцияот 15.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХ-сессиясы

 

2024-жылдын 15-марты №30/2

Кум-Дөбө айыл аймагында зоналдык коэффицентти бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде,Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин «Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент» мыйзамынын 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

 

1.              «К алктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент» мыйзамынын 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагында зоналдык коэффицент Кз-2 деп белгиленсин.

2. Б ул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго тапшырылсын.

Төрага

М. Чолпонкулов