Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIV-сессиясы

 

2024-жылдын 12-апрели  №1

 Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл башчылыгында 2024-жылдагы жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарынын бааларын бекитүү жөнүндө.

 

Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл башчылыгында 2024-жылдагы жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарынын бааларын бекитүү жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

1.  Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл башчылыгында 2024-жылдагы жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарынын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин.

-айдап себүү боюнча –айдоо 1 гектарга 25 литр май, 1600 сом  АРИС аркылуу келген тракторго социалдык жактан аз камсыз болгон жарандар үчүн; жеке менчик тракторлор үчүн 1800 сом;

-малалоо 10 литр май, 1000 сом;

 -себүүгө 10 литр май 1200 сом;

 шак тартууга 5 литр май 500 сом;  .   

     

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго  жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Муталиев