ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIII-сессиясы
2024-жылдын 19-марты №1
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2024-жылдын бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө.
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2024-жылдын бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин жалпы кирешеси 45032,9 миң сомго, чыгашалар бөлүгү 38197,4 миң сом, Кызыл-жылдыз айыл өкмөтү кирешеси 8887,7 миң сомго, чыгашалар бөлүгү 8466,9 миң сом, Көк-Ой айыл өкмөтү кирешеси 10796,6 миң сомго, чыгашалар бөлүгү 9276,7 миң сом өлчөмүндө аткарылышы бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин: киреше жана чыгаша бөлүгүнө 57884,1 миң сом өлчөмүндө анын ичинде: киреше бөлүгү 54485,7 миң сом, тендештирилген грант 3398,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Салык кирешелеринин көлөмү 48398,4 миң сом, салык эмес кирешелердин көлөмү 6087,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 63483,100 миң сом, анын ичинен киреше бөлүгү 60084,7 миң сом, тендештирилген грант 3398,4 миң сом, 2026-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 70458,100миң сом анын ичинен киреше бөлүгү 67059,7 мин сом, тендештирилген грант 3398,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |