ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIII-сессиясы
2024-жылдын 19-марты №4
Чаек айыл аймагындагы Жайыт, СПА, СООППВ лар, Таза суу, Тазалык коомдук уюмдарын “Чаек” муниципалдык ишканасына бириктирүү жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы Жайыт, СПА, СООППВ лар, Таза суу, Тазалык коомдук уюмдарын “Чаек” муниципалдык ишканасына бириктирүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынын 27.07.2023-жылдагы №2 сандуу токтомунда Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой жайыт комитеттери жана СПА лары биргелештирүүнүн бардык документтери бүткөнгө чейин кайра өзүнүн калыбына калтырылсын жана өзүлөрүнүн мурунку укуктарынын негизинде иш жүргүзүлсүн деп көрсөтүлгөн. Ушул токтом жокко чыгарылгандыгына жана АТР боюнча биргелештирүүнүн бардык документтери бүткөндүгүнө байланыштуу Чаек айыл аймагындагы Жайыт, СПА, СООППВ лар, Таза суу, Тазалык коомдук уюмдары “Чаек” муниципалдык ишканасына бириктирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |