ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIII-сессиясы
2024-жылдын 19-марты №7
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык нарктык зоналардын чектери (К3) Зоналдык коэффициентти 0,3 төн 2,0 гө чейинки өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык нарктык зоналардын чектери (К3) Зоналдык коэффициентти 0,3 төн 2,0 гө чейинки өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жумгал районунун 13 айыл өкмөтү аймакташкандыгына байланыштуу, Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-мартындагы №3 кабыл алынган зоналдык коеффициент (К3) 1,2 өлчөмүндө бекитилген айылдык кеңештин Токтому бүгүнкү күндө юридикалык күчүн жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык нарктык зоналардын чектери (К3) Зоналдык коэффициентти 0,3 төн 2,0 гө чейинки өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айылдык өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |