ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIII-сессиясы
2024-жылдын 19-марты №13
Арал айылынын клубун, китепканасын жана Беш-Терек айылынын китепканасын акча каражаты менен каржылоону токтотуу жөнүндө.
Арал айылынын клубу, китепканасы жана Беш-Терек айылынын китепканасын акча каражаты менен каржылоону токтотуу жөнүндөЧаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылы өкмөттөрү бириктирилгенден кийин акча каражаттын тартыш болуп жетишпегендигинен Арал айылынын клубун, китепканасын жана Беш-Терек айылынын китепканасын Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты менен каржылоо токтотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |