Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-январы № 8

 

Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө

Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында №234 контурунда, аянты 3,0 га жер тилкесинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Жеке турак жай куруу” категориясына которуу маселеси айылдык кенештин сессиясында каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,18- беренеге ылайык Кызыл-Туу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында №234 контурунда, аянты 3,0 га жер тилкесинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Жеке турак жай куруу” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн;

3. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбеков бул жер участогун трансформациялоо жөнүндө ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 Айылдык Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев