Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-январы № 9

 

Баланска өткорүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековтун кайрылуусун карап чыгып, Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагында жайгашкан ички жолдорду капиталдык оңдоого жергиликтүү бюджеттик каражаттын жетишсиздигине байланыштуу Табышалиев, Свечникова, Билал, Киров, Пролетарская көчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникация Министрлигинин балансына өткөрүү жөнүндө айылдык Кеңештин сессиясынын жыйынында талкуулап, сессиянын протоколунун негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагында жайгашкан ички жолдорду капиталдык оңдоого жергиликтүү бюджеттик каражаттын жетишсиздигине байланыштуу Табышалиев, Свечникова, Билал, Киров, Пролетарская көчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникация Министрлигинин балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.              Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.

3.              Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбеков ички жолдорду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникация Министрлигинин балансына өткөрүү жөнүндө ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин.

4.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 Айылдык Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев