МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-февралы №1
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы финансылык отчетун бекитүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жетинчи сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы финансылык отчетун угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы финансылык отчету: кирешеси боюнча пландагы 9181,3 миң сомдун ордуна 9271,2 миң сомду түзүп, 101 % га, чыгашасы боюнча пландагы 9181,3 миң сомдун ордуна 6884,4 миң сомду түзүп, 75,0 % га аткарылгандыгы бекитилсин.
Төрага | Т.Койчубаев |