КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-январы № 10
Баланска өткөрүү жөнүндө
Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Токбай айылынын Проектируемая №48 көчөсүндө жайгашкан «Имам Муслим» медресесин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндө Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы А.Б. Райымбекованын кайрылуусун карап чыгып, Медресени камсыздоого жергиликтүү бюджеттик каражат жетишсиз болгондуктан Айылдык Кеңештин сессиясынын отурумунда талкуулап, протоколдун негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Токбай айылынын Проектируемая №48 көчөсүндө жайгашкан «Имам Муслим» медресесин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын балансына өткөрүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.
3. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбеков “Имам Муслим” медресесин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндө ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы |
| М.Б. Суюналиев |