Редакцияот 09.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 9-февралы №4

Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө

Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VIII чакырылышынын жетинчи сессиясы токтом кылат:

 

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 198501 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.

 

2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021 -жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешенин 198501 сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.

Айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүнө 157308 сом акча каражаты ар кандай чыгымдар статьясына бөлүнсүн.

Балдар бакчасынын дары-дармектерди жана мед. Багыттагы буюмдарды сатып алуу статьясына 15000 сом, калган 26193 сом акча каражаты машиналар жана жабдуулар статьясына түстүү принтерь алууга бөлүнсүн.

 

3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бакай-Ата финансы башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Койчубаев.