МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-февралы №1
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын сегизинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу №451-токтомун жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктери 11 (он бир) бирдикте бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |
Тиркеме №1 |
МАКУЛДАШЫЛДЫ Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы_________________ Т. Койчубаев 24.02.2022-жыл. | БЕКИТЕМ Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы______________ А.Жумакеева 24.02.2022-жыл. |
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык бирдиктеринин саны
Кызматтардын аталыштары | Миң-Булак айыл аймагынын калкынын саны 3766 адам |
2 ден 5ке чейин | |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Жооптуу катчы | 1 |
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Жер, турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис | 1 |
Маалыматтык-компьютердик технологиялар боюнча башкы адис | 1 |
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Киреше боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Экономика жана статистика боюнча адис | 1 |
Жыйынтыгы | 8 |
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары | |
Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору | 1 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер ТТК, КТК | |
Кароолчу | 1 |
Жыйноочу | 1 |
Жыйынтыгы | 2 |
Жалпы штаттык бирдиктин саны | 11 |
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
А.Акматова |