МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-февралы №2
Чарбалык ички арыктарды жана суу топтоочу бассейндерди баланска алуу жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын сегизинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагына караштуу ички чарбалык арыктарды жана суу топтоочу бассейндерди айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Миң-Булак айылдык аймагына караштуу 15.7 чакырым ички чарбалык арыктар жана 3 даана суу топтоочу бассейндер Миң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |