Редакцияот 29.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVIII кезексиз сессиясы

2022-жылдын 29-декабры № 28/1

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грант аркылуу Сагыйпа Чечейбаева атындагы клубунуна өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Сагыйпа Чечейбаева атындагы клубун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грантка көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVIII кезексиз сессиясы:

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Сагыйпа Чечейбаева атындагы клубун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн, мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү гранттын жалпы суммасынын 30% -1 024 203,0 (бир миллион жыйырма төрт миң эки жүз үч) сом өздүк салымы 2023-жылдын жыл башына калган акча каражаттан каралсын.

2. Керектелүүчү өздүк салым акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин;

 

 3111-  1 024 203,0 (бир миллион жыйырма төрт миң эки жүз үч) сом.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Турганалиев