ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХIX кезексиз сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № 29/1
Жерге-Тал айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевдин 2023-жылгы жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 10 жана 11-беренеси, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 25-январындагы райондун аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу жөнүндөгү №01-18/280 сандуу катынын негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХIX кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевдин 2023-жылгы жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу билдирүүсү жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 25-январындагы райондун аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу жөнүндөгү сунуштары эске алынсын.
2. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым төмөндөгүдөй бекитилсин;
Бодо мал (уй, жылкы, топоз, төө)
- 1 шарттуу мал башына – 90 (токсон) сом
Майда жандык (кой, эчки).
- 1 шарттуу мал башына – 18 (он сегиз) сом
3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш жана этика боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Турганалиев |