Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХX кезектүү сессиясы

2023-жылдын 24-февралы № 30/2

Сугат суунун тарифин бекитүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл аймагынындагы сугат суу пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитип берүү тууралуу Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал жана Жалгыз-Терек айылдарынын жалпы жыйынынын протоколдорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXХ кезектүү сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жерге-Тал айыл аймагындагы сугат сууну пайдалануу үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин;

 

Айыл аймакта калкка берүүчү суу (огород сугаруу)

1 участок:

0,20 га чейин – 50 сом

0,20 га жогору – 100 сом

 

Сугат суу тарифи

1  га – 200 сом

 

2.  Бекитилген тариф боюнча иш алып баруу жага «Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Турганалиев