ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХX кезектүү сессиясы
2023-жылдын 24-февралы № 30/3
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүн «Эсеналы Дайракунов атындагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү» деп атоо жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын жалпы тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамынын 12, 14-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренеси жана башка учурда иштеп жаткан ушул жааттагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын талаптарын жетекчиликке алуу менен, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХX кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын жалпы тургундарынын кайрылуусу жактырылып, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү «Эсеналы Дайракунов атындагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү» деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык иш алып барылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик-аймактык түзүлүш маселелерин жана географиялык аталыштарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралып, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизилсин.
4. “Эсеналы Дайракунов атындагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү” деп атоо жана өзгөртүп атоо жаатындагы иштерди каржылоо аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен демилгелөөчү тарап Эсенаалиев Асанаалынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде бардык чыгымдарды көрсөтүү менен демилгелөөчү тарап Эсенаалиев Асанаалынын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М.Турганалиев |