ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 10/10
Айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовдун 2024-2029-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик админситрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Инвестициялык долбоорлорду тартуу, өз убагында иш кагаздарын долбоорлорго сунуштоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
3. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы менен иш алып баруу жагы тийиштүү кызматкрлерге эскертилсин.
4.Айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын толугу менен ишке ашыруу жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |