Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/11

Ак-Чий айылындагы орто мектебине кошумча класс куруу үчүн курулуш материалдарды алууга акча каражатын кароо жөнүндө

 

Ак-Чий орто мектебинин окуу класстары жетишпегендиктен, кошумча класс ачуу үчүн курулуш материалдарын алуу зарылчылыгы пайда болуп жаткандыгы тууралуу Ак-Чий орто мектебинин директору Э. Чекирбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Чий айылындагы орто мектебине кошумча класс куруу үчүн курулуш материалдарды алууга 100,0 (бир жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы     Э. Макишовго жана  башкы эсепчи  Кармышбек кызы Гүлнарага  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил