Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/12

Чолпон айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү боюнчаДепутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомдун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимин бекитип берүү боюнча Кочкор райондук статистика бөлүмү менен Чолпон айыл аймагынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.

2. Мамлекет тарабынан ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113 беренесинин 2 пунктуна ылайык, зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каражаттары менен кошо өткөрүп берсин.

3. Эки тараптуу келишимди мыйзамдын талаптарына шайкеш келишин айыл өкмөтүнүн башчысынан жана райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил