ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 10/13
Чолпон айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик адмиситарция жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылын 6-сентярбындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жана жогорудагыларды аткарууга алып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча иш жүргүзүү тийиштүү кызматкерлерге эскертилсин.
3. Тиркемедеги эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн иш алып баруу жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана “Чолпон” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таалайбек уулу Тынчтыкка милдеттендирилсин.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |