Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХX кезектүү сессиясы

2023-жылдын 24-февралы № 30/6

Жерге-Тал жайыт комитетинин 2023-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевдин 2023-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХХ кезектүү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 1 036 000,0 (бир миллион отуз алты миң) сом деп бекитилсин.

2. Жерге-Тал жайыт комитетинин 2023-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше, жайыттарды жакшыртуу чыгымдары жана эмгек акынын көлөмү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевге милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш жана этика боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М.Турганалиев

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык

кеңешинин XXVIII чакырылышынын

XХХ кезектүү сессиясынын 2023-жылдын

24-февралындагы №30/6 токтомунун

№1 тиркемеси

 

Жерге-Тал жайыт комитетинин 2023-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана

чыгаша бөлүгү

 

 

Иш чаранын аткарылышы

Баасы

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу

Киреше бөлүгү

Малдан түшкөн акча

1006100

 

Р.Асаналиев

Башка кирешелер

30000

 

Р.Асаналиев

Жалпы кирешелердин суммасы

1036100

 

 

Жайыттарды жакшыртуу чыгымдары

Жайыт жолдорун оңдоо

43790

апрель

Р.Асаналиев

Сыйлык карышкырды жок кылууга

100000

жыл ичи

Р.Асаналиев

ГСМ мал санакка, Ак-Сай

50000

апрель

Р.Асаналиев

Ремонт техника

79750

июль

Р.Асаналиев

Сапар чыгымы

30000

01.04-30.09

Р.Асаналиев

концелярдык товарларга

10000

01.04.2023

Р.Асаналиев

Келишим техниканын 10.03.2020

60000

30.04.2023

Р.Асаналиев

Жайыт жакшыртуу чыгымдары

жалпысы

373540

 

 

Соц.фонд 17,25 %

51750

 

 

Айлык фонду төрага , 15000 сом*12

180000

 

 

Бухгалтер 10000 сом*12

120000

 

 

Баары:

725290

 

 

3/1 түзгөн а/ө бере турган сумма 30%

310810

 

 

Жалпы сумма

1036100

 

 

Жооптуу катчы

Н.Жакыпов