ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 10/14
Ара-Көл суу сакатагычын, Корумду каналын жана майда каналдарды Чолпон айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Ара-Көл суу сактагычын жана Корумду каналын жана ошондой эле Ара-Көл суу сактагычына кирүүчү канал, кешкаларды (лоток) жана чыгуучу канал, кешкаларды (лоток) Чолпон айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ара-Көл суу сактагычын жана Корумду каналын жана ошондой эле Ара-Көл суу сактагычына кирүүчү канал, кешкалары (лоток) жана чыгуучу канал, кешкалары (лоток) Чолпон айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ирригация, таштанды, маселеси боюнча башкы адис Токтомушов Тунукбекке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |