Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/15

Чолпон айыл аймагы боюнча сооружения, каналдарды, арыктарды баалоо үчүн көз карандысыз эксперт менен баасын аныктоого акча каражатын кароо жөнүндө

 

Чолпон айыл аймагы боюнча сооружения, каналдарды, арыктарды баалоо үчүн көз карандысыз эксперт менен баасын аныктоого акча каражатын кароо тууралууЧолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагы боюнча сооружения, каналдарды, арыктарды баалоо үчүн көз карандысыз эксперт менен баасын аныктоого 500,0 (беш жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ирригация, таштанды, маселеси боюнча башкы адис Токтомушов Тунукбекке тапшырылсын.

3.Бул токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы     Э. Макишовго жана  башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил