Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 29-1

«Тѳѳ-Моюн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-февралындагы кезектеги 20-сессиясында кабыл алынган №20-2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жеке-Мисте айылынын айыл башчысы К.Пазылбековдун маалыматын угуп, Достук конушунун тургундарынын диний муктаждыктарын канааттандырууга шарт түзүү үчүн, салттуу таза диндин чектеринде руханий- адеп-ахлактык тарбиялоо багытында мечиттин ролу чоң экенин эске алып, Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги идентификациялык номери 5-02-06-1003-0596 номеринде катталган мазардын жер аянтына элдин демилгеси менен ашар жолу аркылуу салынган мечитти мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берүү максатында Төө-Моюн айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.   Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Достук конушунун мазарынын  0,10га жер участогуна элдин демилгеси менен ашар жолу аркылуу мечит салынып калгандыгына байланыштуу мечитти жана мечиттин жерин мыйзам чегинде мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.

2.   Араван райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан мечиттин 0,10га жер тилкесине жана мечитке тийиштүү укуктук документтерди даярдап берүү жагы суралсын.

3.   Араван райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгы-мекемесинин чечимине ылайык тийиштүү укуктук документтерди даярдап берүү жагы суралсын.

4. Токтомду аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөп баруу милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев