Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/16

Тармал-Саз айылынын мектеп окуучуларын жана бала бакчага баруучу балдарды Чолпон айылындагы орто мектепке жана бала бакчага алып баруу жана алып кетүү үчүн спринтер сатып алууга долбоор даярдоо жөнүндө

 

Тармал-Саз айылынын 37 мектеп окуучусун жана 15 бала бакчага тарбияланып жаткан балдарды окууга алып барып жана алып кетүүгө спринтер авто унаасын сатып алуу долбоору Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткандыгы тууралуу Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Тармал-Саз айылынын мектеп окуучуларын жана бала бакчага баруучу балдарды Чолпон айылындагы орто мектепке жана бала бакчага алып баруу жана алып кетүү үчүн спринтер сатып алууүчүн Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо демилгеси жактырылсын.

2. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын. 

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы     Э. Макишовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил