ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 10/17
Ара-Көл айылдык ФАПынын үстүндөгү 10 дук электр чубалгысын коопсуз жерге жылдыруу үчүн керектелүүчү материалдарды алуу долбоору жөнүндө
Ара-Көл айылдык ФАПынын үстүндөгү 10 дук электр чубалгысын коопсуз жерге жылдыруу үчүн керектелүүчү материалдарды алуу долбоору Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна сунуштоо тууралуу Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ара-Көл айылдык ФАПынын үстүндөгү 10 дук электр чубалгысын коопсуз жерге жылдыруу үчүн керектелүүчү материалдарды алуу долбоору Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна сунуштоо демилгеси жактырылсын.
2. Электр чубалгыны жылдырууга долбоордун наркы 220 050 (эки жүз жыйырма миң элүү) сом болуп белгиленип 50 250 (элү миң эки жүз элүү) сом акча каражаты өздүк салым катарында, демөөрчүлөр тарабынан каржыланып берилсин.
3. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |