Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №19-5

 

“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө”

         

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине ылайык, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 15-майындагы №23-т токтомунун негизинде “Жер мунапысын жүргүзүү” боюнча, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/265 15-апрель 2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жашасын-2 айылындагы н/ж контурундагы №6 0,08 жер аянты муниципалдык менчике алынсын.

 

2.     Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

Төрага:

Т.Джороев