Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/18

Жерлерди трансформацияга сунуштоо жөнүндө

 

Чолпон айыл аймагынын жашоочулары турак-жай курууга жерлерге муктаж болуп жаткандыктан, кезекте турган айыл тургундарынын мүдөө-талаптарын аткаруу максатында жана ошондой эле калкты жеткиликтүү жер менен камсыздоо тууралуу турак-жай, коммуналдык жана агрардык маселелер боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормондун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобонун негизинде Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагы боюнча төмөндөгү айылдарда жерлер трансформацияга сунушталсын:

-Осоавиахим айылы 14,0 га

-Эпкин айылы Кайырма участогу 5,0 га

-Ак-Чий айылы Керешке участогу 54,0 га

-Узун-Булак айылы 16,0 га

-Ара-Көл, Күйгөн-Суу участогу 32,0 га

-Туз айылы 6,5 га

 

2. Чолпон айыл аймагы боюнча жалпы 127,5 га асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери “Калктуу конуштун жерлери” категориясынан которууга сунушталысын.

 

3. Трансформацияга тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана тийиштүү мекемелерге кайрылуу жагы турак-жай, коммуналдык жана агрардык маселелер боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормонго тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы     Э. Макишовго жана  турак-жай, коммуналдык жана агрардык маселелер боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормонго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил