Редакцияот 27.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 27-ноябры № 117/XXXII-28

Сугат айдоо жерин №425 контурунан №329 контурундагы бирдей маанидеги сугат айдоого которуу жөнүндө

          Жер-агрардык комиссиясынын төрагасы А. И. Аписовду угуп жана талкуулап, С. Н. Осадчевдин Ивановка айыл аймагындагы сугат айдоо жерин №425-контурдан №329-контурдагы бирдей маанидеги сугат айдоо жерине которуу жөнүндө арызын карап чыгып,

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Жалпы аянты 1,0 га сугат айдоо жерин № 425 контурдан № 329-контурдагы бирдей сугат айдоого которуу жүргүзүлсүн.

2.Жер маселелери боюнча жетектөөчү адис айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 4,0 сугат айдоо жерин №  425 контурдан № 329 контурдагы бирдей сугат айдоо жерине которуу жөнүндө чечимин даярдасын.

3.Осадчев Сергей Николаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалында тийиштүү документтерди тариздөөгө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер-агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы

И.Х. Юсупов