Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айыл аймагынын  жергиликтүү кенешинин депутаттарынын кезектүү 2- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрелиндеги № 6

                                                                                  

Барскоон айылынын тургуну

Жумаев Рысбек Таабалдиевичтин

 кайрылуусу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айылынын тургуну Р.Жумаевдин 02.11.2006-жылы туулган уулу Табалдиев Нурдөөлөт Рысбекович 2023-жылдын август айынан бери “Острый лимфобластный лейкоз.Ph-негативный” илдети менен жабыркап дарылануусуна акча каражатынан жардам берүүсү тууралуу кайрылуусун  жергиликтүү кеӊешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып Барскоон жергиликтүү кеӊеши  токтом кылат:

          1. Барскоон айылынын тургуну Р.Жумаевдин кайрылуусу канагаттандырылып, уулу Н.Табалдиевдин Индия мамлекетине барып, операция жасатып келүүгө  материалдык жардам катары  жергиликтүү бюджетинин эсебинен 100 000 (бир жүз миӊ) сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асанбаев жана финансы экономикалык  жана социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы  Ж.Иманкулов сессиянын токтомунун негизинде, 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгымдоолорунун 71093 “Социалдык камсыздоо” бөлүмүнүн  27211500 “Калкты социалдык жактан камсыздоо” статьясынан чыгымдашсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик  агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү  үчүн жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча жана финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асанбаевге тапшырылсын.

Негизи: Р.Жумаевдин жеке кайрылуусу.

 

Төрага                                                                                                              М.Ибаков