БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Балыкчы шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы
2022-жылдын 15-марты № 6
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө”
Типтүү жобосу жөнүндө
Балыкчы шаар мэриясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Типтүү жобосун бекитүү тууралуу 24.02.2022 ж. № 01-18/226 кайрылуусунун негизинде депутаттык туруктуу комиссиянын сунушуна ылайык карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Типтүү жобосу өзгөртүүсүз № 1 тикемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
3. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
4. Токтом “Балыкчы“ газетасына расмий жарыяланган күндөп тартып күчүнө киргизилсин.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Балыкчы шаарынын вице мэрине жана шардык Кенештин социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | Ж.М. Абдразаков |