Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылышындагы  Барскоон жергиликтүү кенешинин 2 кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрелиндеги № 9

Барскоон айылынын тургуну

К.Өмүровдун кайрылуусу жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 11, 14-пунктарын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесин  жана айылдык кеӊешинин регламентин жетекчиликке алып, Барскоон айылынын тургуну К.Өмүровдун сугат суунун тарифин жана убактысын бекитип берүү тууралуу жазган кайрылуусун угуп, талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:

 

1. Барскоон айылындагы “Тарылга-Булак” таза суусунан  Жаштык, Чежи, Көк-Ой, Геология калктуу конуштарына жана Артылма-1, өйдөкү бакка сугат суусу  дүйшөмбүдөн жумага чейин, убактысы саат 13-00 дөн эртеӊ мененки саат 6-00 го чейин, ал эми тарифтик баасы 1 га жерге - 500 сомдон, 0,15 га жерге - 200 сомдон бекитилсин.

2.  Суунун төлөмдөрүн өз мөөнөтүндө жыйналышына, суунун туура бөлүштүрүүсүнө  жана жыйналган  акча каражатын өз максатында чыгымдоо жагы  Тарылга-Булак” таза суусунун кызматкери  К.Өмүров көзөмөлдүк жүргүзсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик  агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү  үчүн жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                               М.Ибаков