БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышындагы Барскоон жергиликтүү кенешинин 2 кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 11
Жергиликтүү бюджеттен социалдык муктаждыктарга
жана айылдын ѳнүгүүсүнѳ акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон жергиликтүү кеңешине, айыл ѳкмѳтүнѳ келип түшкѳн Жети-Ѳгүз райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Т.Ишенбаевдин, Барскоон айылынын тургуну А.Абасканованын кайрылууларын жана Тосор айыл башчысы Э.Кускакбаевдин, айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси И.Исашовдун оозеки кайрылууларын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык, жергиликтүү бюджетинин эсебинен тѳмѳндѳгү максаттарга акча каражаттары бѳлүнүп берилсин:
- Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 9-апрелиндеги Жети-Ѳгүз районунун аймагында жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо, эпизоотиялык ыңгайлуулукту, ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу жѳнүндѳ № 117 буйругунун,Жети-Ѳгүз райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Т.Ишенбаевдин кайрылуусунун негизинде окуу-семинар ѳткѳрүүгѳ 200 000 (эки жүз миң) сом;
- Тосор айылдык эски маданият үйүнүн бузуу иштерине 100 000 (жүз миң) сом;
- Барскоон айылынын тургуну А.Абасканованын кызы Расулова Айгерим “Турецкого синдром, пустого седла” форма “Аутизм” оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу дарылануусуна 10 000 сом;
- Барскоон айыл аймагындагы кѳрүстѳндѳрдүн жерлерин трансформациялоого тиешелүү иш кагаздарын даярдоого 100 000 (бир жүз миң) сом;
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков