Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрелиндеги № 15        

                                                                                                                                                                                       

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

2024-жылга карата иш планын бекитүү жѳнүндѳ

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, иш пландарды бекитүү тууралуу депутаттар талкуулап, жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

1. Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2024-жылга түзүлгѳн жылдык иш пландары № 1, № 2, № 3, № 4, №5 тиркемелерге ылайык бекитилсин (тиркемелер тиркелет).

 

2. Кабыл алынган жергиликтүү кеңештин иш планы боюнча ѳз ишмердүүлүгүн алып баруу жагы кеңештин туруктуу комиссияларынын тѳрагаларына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырам.

 

 

Төрага                                      М.Ибаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме  №1

                                                                                                                                                                    Барскоон  айыл аймагынын

                                                                                                                                                              жергиликтүү кенешинин 

                                                                                                                                                                               “____”______________2024-жылдын

                                                                                                                                                                                 №_____ токтому менен  бекитилди.

Барскоон  айыл аймагынын  жергиликтүү  кеңешинин 2024 –жылдын   иш   планы

 

7.

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу

 

 

 

август

Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу:

- АӨ башчысынан (АӨ ФЭБ башчысы),

- АК туруктуу комиссиясынын төрагасынан,

- башка кызыктар адамдардан

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы), жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет.

Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт.

А/Ө башчысы, ФЭБ башчысы

 

Жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин жергиликтүү   кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

.

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, А/К сессияларына катышуусу.

 

6.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу

 

 

 

 

 

 

август

 

 

 

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча А/Ө даярдаган иш-чаралардын  планын карап чыгуу жана бекитүү.

А/Ө башчысы

Жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин жергиликтүү  кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

5.

Күзгү  оруп жыюууга даярдыктын жүрүшү

 

 

 

 

 

август

А/Ө, техсервис, “Тамга” дыйкан чарба кооперативинин, “Тосор-Муратчан” кооперативинин  маалыматтарын угуу, көйгөйлөр боюнча  иш чараларды бекитүү

А/Ө башчысы

Жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин жергиликтүү кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун катышуусу

 

3.

Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыз  болууну (ирригация системасынын, тазалоочу курулмалардын иши

 

 

 

 

июнь

 

Элди ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматты угуу:

- АӨ башчысы (же А/Ө башчысынын орун басары),  туруктуу комиссиялар

А/Ө, СПА, Таза суу муниципалдык ишканасы

Тиешелүү көйгөйлөр боюнча иш чаранын аткарылышыны көзөмөлдөѳ, зарыл сунуштарды киргизүү,маселе боюнча корутундулар

 

 

 

 

 

 

 

2.

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү  фондунун жана жайыт жерлерин натыйжалуу  пайдалануу маселесин  талкулоо.

 

 

 

 

июнь

 

 

 

 

Жергиликтүү  кеңештин туруктуу комиссиясынын маалыматын  угуу.

АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багыттоо.

А/Ө, туруктуу комиссия

Тиешелүү  көйгөйлөр боюнча иш чаранын аткарылышын  көзөмөлдө, зарыл сунуштарды киргизүү

 

 

 

 

 

 

 

 

1.

2024 жылдын 1 июнуна карата  айыл  аймагынын социалдык-экономикалык  өнүгүү программасын  талкулоо  менен  кайра  карап  чыгуу,  артыкчылык  багыттарын  аныктоо

май

 

 

 

 

 

Айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы менен  танышуу,  талкулоо

А/Ө башчысы,  жана башка кызыктар тараптар.

Тиешелүү  көйгөйлөр боюнча иш чаранын аткарылышыны көзөмөлдөө, зарыл сунуштарды киргизүү

 

 

 

№ п/п

Айылдык кеңештин сессиясында каралчу маселенин аталышы

 

Сессия өтчү күн

Каралчу маселелер тууралуу кыскача маалымат

Жооптуу адам, аткаруучу (адис,мекеменин, уюмдун жетекчиси)

Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы

Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш кабыл алган чечим (тескеме, токтом);

Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренеси)