Редакцияот 12.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2023-жылдын 12-декабры № 670

2020-жылдын 6-ноябрында видеоконференция форматында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерде радиоактивдүү материалдарды трансчек аралык ташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2020-жылдын 6-ноябрында видеоконференция форматында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерде радиоактивдүү материалдарды трансчек аралык ташуу жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аталган Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо жиберсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров