Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрелиндеги № 21   

 

"Инфоком" мамлекеттик ишканасына маалымат системаларын туташтырууга акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаеванын оозеки кайрылусун кайрылуусун угуп, талкуулап, Барскоон жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин электрондук иш кагаздарын жүргүзүү үчүн,  автоматташтырылган маалымат системасын (“Е-Кызмат”)  жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” (“Infodocs”) маалымат системаларын туташтырууга жергиликтүү бюджетин эсебинен 3934 (үч миң тогуз жүз отуз тѳрт) сом бѳлүнүп берилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо  жагы жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырам.

 

 

Төрага                                           М.Ибаков