Редакцияот 01.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы

2021-жылдын 1-декабры № 8/1

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ачылган “Таза-Келечек” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө

Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын, Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун айыл өкмөтүнө ачылган муниципалдык ишкананын Уставын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкулап депутаттардын Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын Уставын жалпы элдик жыйындын талкулоосу менен чыккан протоколдун жана токтомдун негизинде кабыл алынып, бекитилсин.

 

2.Ушул талкулоодо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда бекитилген учурларда, юридикалык жактан маалыматын кайра тактоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулашылгандыгы ырасталсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Намазбек уулу