Редакцияот 11.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы III кезектеги сессиясы

2021-жылдын 11-июну № 3/1

Көк-Жаңгак шаарынын мэринин кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык жана Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндө 2021-жылдын 11 июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколун карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы кезектеги III- сессиясы)

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын мэринин кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын №2 протоколу бекитилсин.

2. Көк-Жаңгак шаарынын мэринин кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Замирбеков Баяман Замирбекович шайланды деп эсептелсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:

 

Байдавлетов З.М.