КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 21-майы № 2/5
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010 жылдын 25 мартындагы № 184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» типтүү жобонун талаптарына ылайык, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун расмий сайтында жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы II-cессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы ) сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик жана зарылчылык жаралган учурда расмий тилде кабыл алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдору Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин расмий сайтына :www :kok-zhanak.my1.ru жарыялынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жагын өзүмө калтырам.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасы: |
З.Байдавлетов |