Редакцияот 02.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №6 – кезексиз сессиясы

2021-жылдын 2-декабры № 8-6-1

Мин-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү, 2020-жылдын жыйынтыгы менен КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 216 токтомуна ылайык, экинчи орунду алып, утуп алган 1млн сом акча каражаттын бөлүп берүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Республикалык бюджеттен которулган 1млн сомго, айыл өкмөтгө кызматтык автоунаа сатып алынсын.

 

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мин-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго тапшырылсын.

 

3.  Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага:

А.Жапаров