Редакцияот 11.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы

Жаны-Арык айылдык кеңешинин

кезексиз v-сессиясында бекитилди

 

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин

Төрагасы _____________Ж.Осумбеков

 

 

11.11.2021

Жаны-Арык айыл өкмөтү Кара-Суу

Району

 

  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаны-Арык айыл аймагынын жарандардын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча

 

ПРОГРАММАСЫ

 

 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаны-Арык айылдык кенеши.

 

1.Кириш сөз

 

Ош облусуну Кар-Суу районундагы Жаны-Арык айыл аймагынын жараандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программасы (мындан ары Программа) аймакта туруктуу жашап жана иштеп жаткан, ошондой эле аталган аймакка орун очок алуу максатында көчүп келген жараандардын жер учаскаларына болгон муктаждыгы белгиленип, аларды жер учаскалары менен камсыз кылуу жана турак жайларды куруу иш-чараларына көмөк көрсөтүү жагына өзгөчө басым жасалды. Мындан сырткары Программада которулган (трансформацияланган) жер участкасын жарандардын анын ичинен жерге муктаж болгон жаштардын жеке менчигине башкы планда көрсөтүлгөн тартипте өткөрүп берүү жана социалдык обьектилердин курулушуна да жер участкаларын бөлүү,ошондой эле келечекте аталган програманын аткарылышынын жыйынтыктары белгиленди.Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаны-Арык айыл аймагынын жарандардын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасы айылдык кенештин сессиясында каралып, жактырылды жана аталган программа айыл аймактын өнүгүү стратегиясынын негизги этабы болуп эсептелип, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана социалдык маселелердин ыраатуу чечүүгө багытталган.

 

2.Айыл аймак жөнүндө жалпы маалымат.

 

1. Жаны-Арык айыл аймагынын жаратылыш климаттык абалы. Жаны-Арык айыл аймагы Кара-Суу районунун борборунан 22 км облустун борборунан 35км, Кара-Суу темир жол станциясынан 24 км аралыкта жайланышкан. Аймактын климаты кескин континенталдуу жайы ысык, кышы өзгөчө суук болуп төрт айга созулат. Кар катмарынын пайда болушу декабрдын экинчи жарымына туура келет. Жаны-Арык айыл аймагы дениз денгеелинен 1500 метр бийиктикте турат. Чарбанын топурак катмары карамтыл бозомук, женил куймалуу оор куймалуу.

2. Жаңы-Арык айыл аймагынын географиялык абалы.

 

Жаны-Арык айыл аймагы Ош облусунун түндүк батыш бөлүгүндө, ал эми Кара –Суу районунун түштүк чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.

 

Жаны-арык айыл аймагы түндүк чыгышынан жана чыгышынан Өзгөн району менен, түндүк батышынан жана түндүгүнөн Жоош айыл аймагы жана Кашкар кыштак айыл аймагы менен түштүгүнөн жана түштүк батышынан Катта-Талдык айыл аймактары менен чектешет.

 

3. Айыл аймактын социалдык –демографиялык абалы.

 

1. Жаны-Арык айыл аймагындагы калктуу конуштардын саны 6-калктуу конуштан турат, алар: Жаны-Арык, Правда, Достук, Таш-Арык Ак-Терек, Учкун айылдары.

 

2. Жаны-Арык айыл аймагында калктын саны 16547 адамды же 3050 үй-бүлөнү түзөт. Айыл аймакта баары болуп 16547-адам анын ичинен 8321 эркек 8226 аялдар жашайт.Аймакта өздүк чарбалардын саны 856 ны түзөт. Өтө жакырчылыкта 245, орто жакырчылыкта 382 үй-бүлө жашайт. Бүгүнкү күндө турак жайга муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн жалпы саны 3572 ни түзүп, анын ичинен жаш үй бүлөөлөрдүн саны 282 ге жетет.

 

  4. Аймактын айыл чарба жер ресурстары боюнча маалыматы.

 

1. Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы курамы.

 

Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы көлөмү 6698 га түзөт. 2729 га айдоо жерлер: анын ичинен 1475 га сугат айдоо, 1354 га кайрак айдоо жерлери, 902 га көп жылдык бак дарак, 3067-жайыттардан турат.

 

2. Жаны-Арык айыл аймагынын муничипалдык менчигиндеги жерлери боюнча маалымат.

 

Айыл аймактын муниципалдык менчикте баары болуп 133.8 га жер участогу катталган. Алар Жаны-Арык, Таш-Арык, Ак-Терек айылдарында орун алган.

 

3. Өздүк чарба жүргүзүү үчүн жараандардын жер участкасына болгон муктаждыгы.

 

Жаны-Арык айылдык аймагы боюнча жеке турак-жай салуу үчүн 3575 жараан жер участогуна муктаж. Жер участогуна муктаж жараандар айыл аймагынын Жаны-Арык, Правда, Таш-Арык, Ак-Терек, Достук, Учкун айлдарында жашайт.

 

Мындан сырткары айыл тургундарынын жылдан жылга өсүү темпин эске алып, айыл чарба жерлеринин мамлекттик фондусунан 133.8 га жер участогу айылдарды кенейтүү максатында калтырылган.Анын ичинен Жаны-Арык айылында 70.70га, Таш-Арык айылында 41.50 га, Ак-Терек айылында 21.60 га жер аянты калтырылган. Бүгүнкү күндө алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде айылдарды кенейтүү үчүндагы 105.60 га жер участогу керектелет.

 

4. Которула турган (трансформациялана) турган жер участкасы боюнча маалымат. Жаны-Арык айыл аймагы боюнча жеке турак-жай куруу үчүн 3575 жараандын жер участкасына болгон муктаждыктарын эске алып биринчи этапта аймактын Жаны-Арык айылындагы №95-контурдан 13.40 га, №103-контурдан 15.50 га, №105-контурдан 26.90 га, №108- контурдан 14.90 га баары болуп 70.70 га, экинчи этапта Таш-Арык айылындагы №108-контурдан 12.20 га,№138-контурдан 11.90 га, 142-контурдан 17.40 га баары болуп 41.50 га, Ак-Терек айылындагы №1202-контурдан 14.20 га, №1168-контурдан 7.40 га баары болуп 21.60 га жер аянтарын кайрак айдоо категориясынан калктуу конуштардын жери категориясына которуп,муктаж болгон үй-бүлөөлөргө бөлүп берүү каралууда.

 

Мындан сырткары которула (трансформация) турган жер участогуна 3-мектеп 3-бала бакча 3-ФАП жана соода сатык дүкөндөрү, калкты тейлөө ишканаларынын курулушу пландалууда.

 

5. Жер участкаларынын өздүк чарба жүргүзүү үчүн бөлүүдө жарандардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери.

 

1.Турак жай курууга жер участкаларынын алууда жарандардын милдеттери.

 

-турак-жай куруу үчүн жер участкасын которууга (Трансформация) .арыз берүү

 

-жер участкасына турак жай куруу,өздүк чарба жүргүзүү үчүн арыз берүү.

 

-жер участкасын которгонго (трансформация) кылганга чейин курулуш иштерин баштабоо.

 

-жер участкаларын алгандан кийин Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте, райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнүн чийип берген схемасына ылайык ,ощондой эле райондук Госрегстр бөлүмү тарабынан бериле турган инвентаризация делосу ,тех паспорт жана мамлекеттик акт берилгенден кийин курулуш иштерине киришүү.

 

-бөлүнүп берилген жер участкасынын чегинен чыкпоо жана чектерди Башкы планда көрсөтүлгөн тартипе туура сактоо.

 

2.Турак жай курууга жер учаткаларынын жарандарга берүүдө айылдык кенештин жана айыл өкмөттүн милдеттери.

 

-турак жай куруу үчүн бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жер участкасын калктуу конуштун жер категориясына которууда (трансформациялоого) керектүү документтерди даярдоо жана ал документтерди райондук, обулустук администрацияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жана бекитүүгө жолдоо.

 

-жарандардын еурак жай куруу үчүн бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө арыздарын алуу.

 

-алдынган арыздарды жер коммиссиясынын чечимине ылайык айылдык кенештин сессиясында кароо жана жер участкаларынын бөлүп берүү чечимдерин чыгаруу.

 

-жер участкасын алууга керектүү документтерди даярдоо жана жарандардын өздүк чарба курулуштарын Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө.

 

-өздүк чарба жүргүзүү үчүн алган жер участокторуна тиешелүү инфраструктуралык курулуштарды, анын ичинен жолдорго кум, шагыл, таш төшөө, электр линиялык таянычтарды жана электр чубалгыларын орнотуу, калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн таза суу түтүкчөлөрүн орнотуу, таштандыларды өз убагында чыгаруу.

 

-жаны курулган социалдык обьектерге,конуштарга, көчөлөргө ылайыктуу ысым берүү.

 

6.Программаны аткарууда орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору.

 

1.Жер участкаларын алууда орун алган көйгөйлөр.

 

-турак жай куруу үчүн бериле турган жер участкасын которуу (трансформация)маселесин өз убагында чечилбеши.

 

-жер участкасын алууга укугу бар жарандардын тизмесин тактоо, анын ичинен биринчи кезекте алуу укугуна алуу болгон жарандардын тизмесин калыс аныктоо.

 

-жер участкаларын алууда тиешеси аз, же болбосо таптакыр тишеси жок документтерди топтоо жана өткөрүү.

 

-документтерди кароо учурунда орун алган адмистративдик –бюрокраьтялык тоскоолдуктарды жана себепсиз убаракерчиликтерди жаратуу.

 

-жер учаскаларын алууга тишелүү документтерди даярдоо учурунда өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн коррупсиялык элементтердин орун алышы.

 

7. Программаны аткаруу жыйынтыктары жана жетишкендиктери.

 

Жарандардын жана өз алдынча башкарууоргандарынын Программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш-чараларды кыйшаюсуз өз тартибинде аткаруусу жакшы жыйынтыктарга алып келет.

 

Жарандарды жер участкаларын алып, жер учсткаларына турак жай куруу укугуна ээ болуусу, бир үйдө көп үй-бүлөөлөрдүн бир жашап жатып, жер участкаларын алгандан кийин,үй куруп өздөрүнчө тиричилик кылууга багыт алуусу үй-бүлөлөрдүн турак жайдын жоктугунан ажырашуу мисалдарынын азаюсу, айыл аймакта кожолуктун,калктын санынын көбөйүүсү,жер салыктарынын жана социалдык төлөмдөрдүн көп өлчөмдө топтолушу көздөгөн жетишкендиктерге алып келет.