Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 10-августу № 15/3-8

Шаардык бюджеттин 2020-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө

Кара-Көл шаардык кеңештин Кара-Көл шаардык бюджеттин 2020-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттарын каржылоо жөнүндө 21.04.20-ж. №203/40-7, Кара-Көл шаарынын 2020-жылга шаардык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө 21.04.19-ж. №204/40 сандуу токтомдорун аткарууда 2020-жылдын жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Г.О.Сатарованын шаардык кеңешке жолдогон 11.03.2021-ж. №05-5/658 сандуу катынын негизинде шаардын мэри А.Ш.Балташовдун билдирүүсүн, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын кошумча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Көл шаардык кеңештин 2020-жыл ичинде тиешелүү токтомдорун аткаруунун жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри А.Ш.Балташовдун билдирүүсү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын кошумча маалыматы эске алынсын.

2. Шаардык бюджетте 2020-жылдын жыйынтыгы менен (796,2 миң сомдук атайын каражатты эске албаганда) пайда болгон 15 787,7 миң сомдук бош калган, үнөм каражаттын эсебинен шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин 2020-жылдын 1-январына пайда болгон 5606,5 миң сомдук кредитордук карыздарды жана 10181,2 миң сомдук бош калган, үнөм каражаттарды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 4-пунктунун талабынын негизинде 1,2,3 тиркемелерге ылайык мыйзам чегинде каржылануусу бекитилсин жана аталган каражаттар шаардык 2021-жылдын бюджетинде эске алынып, шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин бюджетине тиешелүү тактоо (“уточнение”) киргизилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-беренесинин 1,3-пунктунун талабынын негизинде шаардык мэрияга (Балташов А.Ш.), Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Мамытканова Т.А.) жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Р.Ашыралиев

 

Тиркеме 1

 

Бекитилди:

Кара-Көл шаардык кеңештин

10.08.2021-ж. №15/3-8 токтому менен

 

Кара-Көл шаардык 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн такталган план боюнча аткарылышы

 

Аталышы

2020-жыл

%

айырма

анын ичинде

Такт. план

Факт

Такт. план

Факт

Жыл башындагы калдык каражат

16166,3

16166,3

100,0

0,0

2713,9

2713,9

Кирешелер атайын каражатсыз

106727,8

108748,6

101,9

2020,8

Кирешелер

112493,9

114627,8

101,9

2133,9

5766,1

5879,2

Максаттуу транцферт

344,0

344,0

100,0

0,0

Айлык акынын которулушу

996,1

951,6

95,5

-44,5

 

0,0

Активдер жана милдеттенмелер

1000,0

1091,1

109,1

91,1

Атайын каражаттар

3052,2

3165,3

103,7

113,1

3052,2

3165,3

Жергиликтүү салыктар атайын каражатсыз

90935,3

92909,5

102,2

1974,2

Х

Чыгаша бөлүгү

112493,9

98043,9

87,2

-14450,0

5766,1

5083,0

Мамлекет. кызмат

26813,5

25421,1

94,8

-1392,4

1,2

Коргоо

1545,9

1165,7

75,4

-380,2

Коомдук тартип

0,0

ШММБ

67815,8

58046,7

85,6

-9769,1

22,5

22,5

Маданият бөлүмү

5857,8

5472,1

93,4

-385,7

84,4

40,7

Билим беруу бөлүмү

10460,9

7938,3

75,9

-2522,6

5658,0

5019,8

Соц. өнүгүү башкармалыгы

0,0

Жылдын жыйынтыгы менен калдык каражат а.и

0,0

16583,9

796,2

1. бюджеттик каражаттар а.и

15787,7

2. Атайын каражаттар

796,2

796,2

Жоопту катчы :

К.И. Нурматова

Тиркеме 2

Бекитилди:

Кара-Көл шаардык кеңештин

10.08.2021-ж. №15/3-8 токтому менен

Шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин 01.01.2021-жылга кредитордук карыздары

Бюджеттик каражаттар

Мекемелердин аталышыы

Баары:

2211

2212

2213

2214

2215

2222

3111

3112

Сапар.чыгым

Байла  ныш

Ижара

Унаа чыгымы

Башка чыгым

Чарб.  чыгым

Имарат, курулма

Эмеректер жана башка чыгымдар

Мэрия

179,4

12,3

30,8

61,3

75,0

Жазы-Кечүү АБ

4,7

4,7

Кетмен-Төбө АБ

2,4

1,2

1,2

Шаардык кеңеш

0,4

0,4

Мам. Кызмат - жыйынтыгы

186,9

6,3

1,2

12,3

-

30,8

61,3

75,0

-

ШММБ а.и. 

1. КР Финансы министрлигине караштуу бюджеттик кредиттер боюнча башкаруу депортаментине "Кайыңды" эс алуу борборунун имаратын сатып алуу- 3 700,0 м.с 2. ИП "Курамаева К" 42,0м.с, 3. Гос.регистр 1,7 м.с, 4."Центр Профи Кей Джи" ЖЧК 20,0 м.с, 5. Мэриянын чатырын жабуу 989,5 м.с.,6. ГСМ 566,4м.с, 7. Каскад Токтогул ГЭСтер кызматына 34,6 м.с.

5 354,2  

 

 

 

566,4  

98,3  

 

4689,5

 

№5 Хуриев атындагы орто мектепке курош мат сатып алуу

65,4  

 

 

 

 

 

65,4  

 

 

Жалпы:

5 606,5  

6,3  

1,2  

12,3  

566,4  

129,1  

126,7  

4 764,5  

-