Редакцияот 21.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сузак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXII-сессиясы

2020-жылдын 21-августу №5

2020-жылдын 24-январындагы №3 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«CASA - 1000" жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамыларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020- жылдагы № 105 токтомун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамына негизинде Сузак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы ,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сузак айыл өкмөтүнүн аймагына CASA – 1000 жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамыларын куруу үчүн мамлекетик менчиктеги 0,414 га кайракы айдоо, а.и, №12-контурдан 0,0361га,№37-контурдан 0,0324га, №52-контурдан 0,0361га, №298- контурдан 0,0761га, №308-контурдан 0,0441га , №1901-контурдан 0,1892га. 0,04га чоп чабынды, а.и. №296-контурдан 0,04га. 0,1085га жайыт а.и. № 14- контурдан 0,0761 га, №49-контурдан 0,0324га,жалпы 0,5625 га, жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлер” категориясына которууга транформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Сузак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Сузак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Сузак айыл

аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Хакимов Ж.