Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/20

Оро-Башы айылына спорт комплекс курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Оро-Башы айылынын жаштарынын, жалпы айыл тургундарынын демилгеси спорт комплекс куруу тууралуу Оро-Башы айылынын айыл башчысы Т. Сейталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Оро-Башы айылынын жаштарынын, жалпы айыл тургундарынын демилгеси канаттандырылып спорт комплекс курууга жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү, долбоордук иш кагаздарын даярдоо, сунуштоо жана спорт комплекстин курулушун демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулаарына милдеттенме алгандыгына байланыштуу, курулуштуу бүтүрүү жагы Оро-Башы айылынын айыл башчысы Т. Сейталиевге эскертилсин.

3. Жер аянттарын тактап мыйзамга ылайык жерди бөлүп берүү жагы Чолпон  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана турак-жай, коммуналдык жана агрардык маселелер боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормонго  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил