ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 11/1
Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы жана күзгү талаачылык жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү-майлоочу майлардын чыгым көлөмүн аныктоо жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, калктын, айыл башчылардын, механизаторлордун пикирилерин эске алуу менен Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумуштарын жана күзгү оруп-жыюу жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү-майлоочу майларынын сарыпталышы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:
№ | Аткарылуучу жумуштар | Эмгек акысы (1 га жерге, сом) | Күйүүчү-майдын өлчөмү (1 га жерге, литр) |
1 | Кош айдоо (дөңгөлөктүү) | 1400 | 20 |
2 | Кош айдоо (ДТ, Т-150) | 1400 | 25 |
3 | Дың жерлерди айдоо | 1800 | 25 |
4 | Үрөөн себүү | 650 | 10 |
5 | Эки жолу себүү | 750 | 15 |
6 | Тырмоо | 500 | 10 |
7 | Тегиздөө (планировка) | 500 | 10 |
8 | Таптоо (катки) | 450 | 8 |
9 | Жатка | 1200 | 10 |
10 | Чөп пресстөө (таңгактоо) | 1300 | 10 |
11 | Саман престөө (таңгактоо) | 1100 | 10 |
12 | Чөп тартуунун 1 рейси | 550 | 5 (аралыкка жараша) |
13 | Үрөөн тазалоо тоннасы | 550 | - |
14 | Үрөөн тазалоо мүшөгү | 25 | - |
15 | Үрөөн даарылоо 1 га жерге | 125 | - |
16 | Үрөөн тартууга 1 га жерге | 50 | Аралыкка жараша |
17 | Мала тартуу | 500 | 10 |
18 | Өстөн арыктарды тартуу | 200 | 5 |
19 | Ички арыктарды тартуу | 150 | 3 |
20 | Комбайн акысы | 1500 | 20 |
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |